“ЭККМКда Карылар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын ардагерлерин салтанаттуу түрдө сыйлоо болуп өттү”

1 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Бүгүн, 2018-жылдын 1-октябрында ЭККМКнын административдик имаратында Карылар күнүнө карата майрамдык жагдайда Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын (Салык полициясынын) ардагерлерин салтанаттуу түрдө сыйлоо болуп өттү.

Аталган иш-чарага Финансы полициясынын ардагерлери, ЭККМКнын жетекчилиги жана Кызматтын өздүк курамы катышышты.

ЭККМКнын төрагасы Б.Д. Таиров ардагерлерди куттуктап, ардагерлер Финансы полициясынын системасында өзгөчө орунду ээлерин белгилеп өттү. Сиздердин кесиптик жана жашоодогу чоң тажрыйбаңыздар жаш офицерлерди тарбиялоо, алардын мекенчил сезимин ойготуу, Ата-Мекенге болгон жоопкерчилигин жана милдетин сездирүү үчүн баа жеткис болот. Сиздер эрдиктин жана ар-намыстын үлгүсү, мыкты салттардын ишеничтүү сактоочулары жана улантуучулары болуп келгенсиңер жана да ар дайым болуп кала бересиңер. Сиздер он миңдеген экономикалык кылмыштарды ачкансыздар.

Ошондой эле, куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы М.С. Усенбаев азыркы кезде да ЭККМКнын ардагерлери коомчулукка төмөнкүдөй пайдаларды алып келишүүдө деп айтты: мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоого үгүттөп келишет,  өсүп келе жаткан муундарга алдын алуучу иштерди өткөрүп келишет,  полициянын жаш офицерлерине өзүлөрүнүн баа жеткис билимдерин беришип, тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

ЭККМК органдарында көп жыл кызмат кылгандыгы жана Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын бирдиктүү атайын укук коргоо органын түзүүгө жана калыптанышына чоң салым кошкондугу үчүн мааракелик ведомстволук медаль менен Кызматтын 25 ардагери сыйланышты.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев