“Колдо жасалган ликер-арак продукцияларын мыйзамсыз даярдоону жана сатууну ойлонуп жаткан кылмыштуу топ аныкталды”

12 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) кызматкерлери Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контроль кылуу боюнча башкармалык менен бирге шек жараткан акциздик маркасы бар, колдо жасалган ликер-арак продукцияларын мыйзамсыз даярдоону жана сатууну жүзөгө ашырып жаткан кылмыштуу топту аныктады.

Ошентип, ЭККМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына “АЮ” брендинин өкүлү контрафактылык алкоголдук продукцияларды аталган бренд менен даярдап жана сатып жаткан белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
229-беренесинин 1-бөлүгү (спиртти жана спиртти камтыган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, кандайдыр бир адамдар жеке үйдө кол өнөрчүлүк ыкмасы менен ликер-арак алкоголдук продукцияларын даярдап, андан соң аны Бишкек ш. Ош базарынын аймагына сатып жаткандары аныкталды.

Буга байланыштуу, ушул жылдын 10-июлунда Бишкек ш. Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын токтомунун негизинде “Кудайберген” базарынын аймагында жайгашкан турак үйдө санкцияланган тинтүү жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө, колго жасалган жабдуу (пластикалык челек), даяр контрафактылык алкоголдук продукциялардын (С Серебром, Беленькая, Главспирт” дегендерди сатууга даяр) ири партиясы, 1 миң даанага жакын шек жараткан колдонулбаган акциз маркасы, ошондой эле төмөнкүдөй аталыштагы белги салынган чаптагычтар: “Беленькая”, “Булька”, “Главспирт”, “Consul”, коньяк продукциялары: “Бишкек”, “Семетей” жана “Кыргызстан” табылган.

Азыркы учурда ЭККМК Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контроль кылуу боюнча башкармалык менен бирге жогоруда аталган адамдарга шерик болгон башка адамдарды аныктоо, ошондой эле мыйзамда белгиленген ченемдерге туура келбеген жана калктын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жараткан жашырын иштелип жаткан сапатсыз алкоголдук продукцияларды жүгүртүүдөн алып коюу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиздерге жасалма алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз даярдоо жана сатуу фактылары, ишкердик ишти мыйзамсыз жүргүзүүнүн башка фактылары же  укук бузуу, бизнести басмырлоо, коррупциялык көрүнүштөр белгилүү болуп калса 1955 түз номери боюнча ЭККМКга кайрылсаңыздар болот. 

 

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев