“Медициналык маскалардын бааларын көтөрүп сатуу фактылары аныкталды”

18 марта 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК)  тарабынан социалдык маанидеги товарлардын тобунун бааларын жасалма көтөрүүгө жол бербөөгө багытталган активдүү чаралар көрүлүп жатат.

Ушул жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы № 76 буйругун аткаруу үчүн ЭККМКнын кызматкерлери медециналык маскалардын жана антисептикалык каражаттардын бааларын көтөрүп жаткан фактысы боюнча калктан даттануулар келип түшкөн Бишкек шаарынын бир нече дарыканаларын текшерип келишкен.

Ошентип, ЭККМКнын кызматкерлери төмөнкү дарыканаларда контролдук сатып алууларды жүргүзүшкөн:

“Восток 5”  районунда жайгашкан дарыканадан 10 медициналык маскалар  - 1 бирдикке 25 сом баасы менен сатылып алынган, бирок, жогоруда аталган буйрукка ылайык медициналык масканын чекене баасы 10 сомдон ашпаш керек жана бир адамга 3 даанадан көп сатылбаш керек;

 “Киевский” көчөсүндө жайгашкан дарыканадан 1 бирдиги 15 сомдон 60тан көп маска сатылып алынган;

“Токтогул” көчөсүндө жайгашкан дарыканадан 1 бирдиги 50 сомдон 16 медициналык маскалар  сатылып алынган;

Чүй пр. жайгашкан “Т.” деген дарыканадан 1 бирдиги 20 сомдон 350 медициналык маскалар сатылып алынган;

Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан А.деген дарыканадан 1 бирдиги 18 сомдон 19 медициналык маскалар сатылып алынган, мындан тышкары ушул эле дарыканадан  165 сом турган антисептик сатылып алынган, ал мурун бир кыйла разан турган;

Тыналиев көчөсүндө жайгашкан Р.деген дарыканадан 1 бирдиги 25 сомдон 20 медициналык маскалар сатылып алынган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 216-беренеси (монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Азыркы убакта аталган  фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш  жүрүп жатат.

Урматтуу жарандар!

Эгерде сиздер социалдык маанидеги товарлардын бааларынын монополдук түрдө көтөрүлгөндүгү боюнча кандайдыр бир маалымат билсеңиздер же күбөсү болуп калсаңыздар ЭККМКга кайрылууңуздарды суранабыз. 

 ЭККМКнын бобордук аппараты

дареги: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн тынымсыз байланыш телефону 1955, ЭККМКнын нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

ЭККМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы

дареги: 20055, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манаса пр. 101/1,

Телефону: 0312 543980, 0312 54 17 12.

         КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев