Иш орундары

Финансы полициясында кызмат өтөө үчүн өзүнүн жеке, иштиктүү жана кесиптик сапаттарына, билим деңгээлине ден-соолугуна жараша кызматтык милдеттерди аткара алган, анык аскердик же аскерден сырткары альтернативалык кызмат өтөгөн, аскердик кызмат өтөөгө жарактуу, камдыктагы офицер наамы бар Кыргыз Республикасынын 35 жаштан жогору эмес жарандары кабыл алынат. Анык аскердик же аскерден сырткары альтернативалык кызмат өтөө жана камдыктагы офицердик наам жөнүндө талаптар айымдарга тиешелүү эмес.

Финансы полициясына кызматка кабыл алуу сынак негизинде жүргүзүлөт. Сынак тест жана аңгемелешүү жолу менен жүргүзүлөт.

Финансы полициясына кызматка сынак негизинде башка укук коргоо, салык, бажы жана финансы органдарында кызмат өтөп жаткан, тийиштүү атайын наамдары, класстык чиндери бар, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бай тажрыйбага ээ, 35 жаштан жогору жарандар кабыл алынышы мүмкүн.

Финансы полициясына кызматка чакыруу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын милдеттүү болгон атайын текшерүүсүнөн, талапкерлердин физикалык даярдыгын жана кызмат өтөөгө жарамдуулугун аныктаган аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык кароодон өтүү шарты менен жүргүзүлөт.

Финансы полициясына кызмат өтөө үчүн тийиштүү юридикалык, экономикалык же жогорку финансылык билими бар жарандар кабыл алынат.

Финансы полициясына кызматка жаңы кабыл алынгандар үчүн 3 ай сыноо мөөнөтү берилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жараны финансы полициясына кызматка төмөнкү себептер боюнча кабыл алынбайт:

  • эгерде өз күчүнө кирген мыйзамдуу соттун чечими менен жөндөмсүз же жарым-жартылай жөндөмсүз – деп табылса
  • мурда соттолгон же реабилитациялык эмес негиздер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулса
  • башка мамлекеттин жараны болсо
  • укук органдарынан же башка мамлекеттик органдарынан терс себептер боюнча кызматынан бошотулса

Ачык позициялар

Учурда ЭККМК төмөнкү бош орундарга сынак ачылган

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев