"Кызматкерлердин ант беруу салтанаттуу иш-чара"

30 августа 2017

Пресс-служба Государственной службы по борьбе с экономическими преступлениями при Правительстве Кыргызской Республики сообщает:

Укук коргоо органдарынын системасында өткөрүлгөн реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясы) (мындан ары – КРӨгө караштуу ЭККМК) конкурстук тандап алуу болуп өтүп, анын натыйжасында Кызматка жаңы кызматчылар алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКда,
2017-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамына удаа келген жаңы кабыл алынган кызматкерлердин ант берүү салтанаттуу аземи болуп өттү.

Жаш офицерлер мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого, Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, командирлердин жана начальниктердин буйругун аткарууга, Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун татыктуу жана кайраттуу коргоого ант беришти.Финансы полициясынын төрагасы З.Б. Осмонов жаш офицерлерди куттуктап, өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери болуш ардактуу жана жоопкерчиликтүү, ошондой эле коомчулук жана мамлекет тарабынан келечекте чоң үмүт бар экендигин белгилеп өттү.

Азем аяктагандан кийин ЭККМКнын төрагасы өздүк курамды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, мыкты иштеген кызматкерлерге өкмөттүк жана ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жана Өкмөтүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Финансы полициясынын ардагерлери жана мурунку жетекчилери  катышышты. Алар куттуктоо жана жолдомо сөздөрүн айтышты.

 Фотоматериал тиркелет.

 КРӨгө караштуу ЭККМК

Другие публикации

Все публикации

OSCE
Веб-сайт разработан при поддержке Центра ОБСЕ в Бишкеке
Разработка веб-сайта — Михаил Агеев