“Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалды”

“Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалды”

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинде мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында статс-катчы А.Э.Мамыркалиевди кармады.
Бул коррупциялык схема Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясынын (мындан ары – АЖМД) жол-транспорттук көзөмөлүн жүзөгө ашыруу учурунда ишке ашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө, 2018-жылы Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка жана Кара-Көл өткөрүү пункттарындагы тоннелдер аркылуу акы алуунун толуктугун көзөмөлдөө үчүн аппараттык-программалык комплекстер орнотулгандыгы, ал жерде АЖМДнын жооптуу адамдары ата мекендик, чет өлкөлүк жана оор жүктүү транспорттор туннелдер аркылуу өткөндүгү үчүн төлөмдү кабыл алышкандыгы аныкталды.
Бирок, түзүлгөн ыңгайлуу шарттарга жана жогорудагы стационардык өткөрүү пункттарынын ишин автоматташтырууга карабастан, Транспорт министрлигинин жогорку кызматкерлеринин карамагында жогорудагы түзүмдүк бөлүмдүн айрым жооптуу кызматкерлери, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, өздөрүнө жана башкаларга материалдык жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында, узак убакыт бою бул автоматташтырылган тутумга туура эмес өзгөртүүлөрдү киргизип, ошону менен акча каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө өздөштүрүп алышкан.
Бүгүнкү күндө, бул иш боюнча Финансы полициясы тарабынан ар кандай рангдагы 28 кызмат адамы кармалып, кылмыш иши боюнча келтирилген чыгым 20 миллион сомду түзүп, анын 16 миллион сомдон ашыгын финансы полициясы кайтарып берген.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын арасынан катыштыгы бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо максатында, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.

ЭККМК

Leave a Reply