“Финансы полициясы Мамлекеттик бажы кызматынын “Кызыл Бел” КӨПүнүн нөөмөт башчысын кармады”


Жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Кызыл-Бел” контролдук-өткөрүү пунктунун кызмат адамдарына карата чара көрүү арызы менен Финансы полициясына кайрылган, алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн акча каражаттарын туруктуу негизде талап кылып келишкен.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинде (опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРдин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган.
Үстүбүздөгү жылдын 26-январында, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаарында 7 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен, кылмыш үстүнөн Кыргыз Респубуликасынын Өкмөтүнө караштуу МБКнын “Кызыл-Бел” КӨПүнүн нөөмөт башчысы “М.Т.” кармалды.
Мындан тышкары, кармалган кызмат адамынын автомобилин тинтүү учурунда кылмышка шектүү адам айта албаган 100 миң сомго жакын акча каражаты (чет элдик валютаны кошкондо) табылган.
ЭККМК.

Башка жанылыктар