“ЭККМКнын төрагасынын жаш муун менен жолугушуусу”

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын төрагасы Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргызстан эл аралык университетинин юридикалык факультетинин студенттери менен жолугушту.

Аталган жолугушуу өзүнөн-өзү болуп өттү жана буга чейин пландаштырылган эмес.

Келечектеги адистер Финансы полициясынын органдарына Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнүн алкагында келип, экономикалык чөйрөдөгү кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана тергөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары ЭККМКнын иши менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төрага С.Жапыкеев сөз сүйлөп, жаңы муун өлкөнүн келечеги жана үмүтү экендигин белгиледи. Жаштар адилеттүү, укуктук мамлекетти өзгөртө алышат жана кура алышат, андыктан ар дайым чыгармачылыкка, ак эмгекке, жакшы иштерге умтулуп, эч качан кыялыңызды өзгөртпөгүлө. Кандай гана кесипти тандабагыла, өз ишиңде биринчи жана мыкты болууга умтулушуңар керек!

Коноктор өз кезегинде төрагага Кызматтын ишмердиги менен таанышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришип, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өлкөнүн негизги ведомствосунун башчысы менен жеке сүйлөшүү алар үчүн күтүүсүз болгонун белгилешти.

Төрага менен студенттердин ортосунда кызыктуу маек болуп, анда балдар финансы полициясынын иши жөнүндө толук маалымат алышты, бул сабактарды ийгиликтүү өздөштүрүүгө жана кийинки теориялык билимди кесиптик ишмердүүлүккө колдонууга жардам берет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кызматтын административдик имараты менен таанышуу болду.

Жолугушуу абдан жылуу жана достук маанайда өткөндүктөн баардыгына жакты.

Сүрөт материал тиркелет.

ЭККМК

Leave a Reply