“FRIMA” кургак сүтүн мыйзамсыз жасап, сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды”

Бишкек шаары боюнча финансы полициясы детективдик агенттик менен биргеликте өнөр жайлык көлөмдө контрафактылык продукцияларды “FRIMA” кургак сүтүн жасоочу жашыруун цехти аныктады.Бул факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 218-беренесинде (товарларды индивидуалдаштыруу каражаттарын “иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү” мыйзамсыз пайдалануу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.Үстүбүздөгү жылдын 25-январында, борбор шаардын базарларынын биринин аймагында контролдук сатып алуунун жүрүшүндө жашыруун цех табылган, анда аталган тамак аш азыктарын кир шарттарда кол менен жасап келишкен.Учурда, сотко чейинки өндүрүш иштери, ошондой эле республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.Урматтуу жарандар, эгерде жасалма контрафактылык продукцияны мыйзамсыз жасап, сатуу фактылары, ишкердик ишти мыйзамсыз жүргүзүү же укуктарды бузуу, бизнеске кысым көрсөтүү, административдик тоскоолдуктар сыяктуу башка же коррупциялык көрүнүш фактылары жөнүндө билип калсаңыз, анда ЭККМКга 1955 түз номери боюнча кайрылсаңыз болот. Муну менен бирге, контрафактылык продукция өлкөнүн экономикасына гана эмес, жарандардын ден соолугуна да коркунуч жаратаарын белгилеп өтөбүз.ЭККМК.

Башка жанылыктар