“Шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн шектелип, саламаттык сактоонун мурунуку министри кармалды”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

ЭККМКда шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өзүлөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген.

Ушул жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип,  саламаттык сактоо министрлигинин мурунку министри “К.Ч.” кармалды.

Башка жанылыктар